Ташиев: жакында кайсы коррупционерден бюджетке канча акча түшкөнү ачыкталат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
УКМК төрагасы сот иштери бүткөндөн кийин калган каражат да өндүрүлүп, түз казынага которуларын кошумчалаган.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жакында коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча кайсы күнү кимден түшкөнү жарыяланат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде билдирди.
Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн сумма негизинен 100 миллиард сомдон ашканын белгилеген.
"Азыр бюджетке накталай 40 миллиард сом которулду. Эгер мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаа түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражат да өндүрүлүп, түз казынага которулат", — деди Ташиев.
Киши сом купюралары менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Коррупцияга каршы күрөшүүдөн төрт жылда 20,4 млрд. сом түштү
Жаңылыктар түрмөгү
0