Түркия биринчи жолу Кыргызстандын жаранына пенсия чегерди

© AFP / OZAN KOSEКиши Түркия лира купюралары менен. Архив
Киши Түркия лира купюралары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
Пенсия же жөлөк пул алуу үчүн адам мыйзамдуу иштеп, камсыздандырылган болушу керек.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Түркия биринчи жолу Кыргызстандын жаранына пенсия чегергенин Социалдык фонд билдирди.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим 2020-жылдан тартып күчүнө кирген.
Азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 237 суроо-талап жиберилген, анын 235и иштелип чыгып, жооптор берилди.
"Келишимдин алкагында Түркия алгачкы кыргызстандык жаранга пенсия чектеди", — деп айтылат маалыматта.
Келишим Кыргызстан менен Түркиянын жарандарына бирдей шартта пенсия жана жөлөк пул алууга укук берет. Бирок бул үчүн адам мыйзамдуу иштеп, камсыздандырылган болушу керек.
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Пенсиясы жок жөлөк пул алган баатыр энелерге 5000 сом кошулсун. ЖК токтому
Жаңылыктар түрмөгү
0