4-апрелге карата аба ырайы

© Фото / Unsplash / Foad RoshanГүлдөп жаткан өрүк. Архив
Гүлдөп жаткан өрүк. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
4-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад өрөөнүнүн тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй аймагынын айрым жерлеринде жамгыр, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Баткен өрөөнүндө +15...+20, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө +9...+14 жана Нарын жергесинде +12...+17 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +17...+19, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында балдар самокаттарды тээп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0