8,7 млрд. сом. Мэрия Бишкектеги "Аккула" ат майданынын жерин аукционго коет

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаарындагы "Ак-Кула" ат майданы. Архив
Бишкек шаарындагы Ак-Кула ат майданы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
Электрондук аукционго катыша турчу адам жарыяланган сумманын баштапкы баасынын 10 пайыз кепилдик төлөмүн төгүшү керек.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мэрия Бишкектеги "Аккула" ат майданынын 45,73 гектар жери аукционго коюла турганын маалымдады.
Ага ылайык, тиешелүү чечимди муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алган.
"Жер тилкенин баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сом. Электрондук аукционго катыша турчу адам жарыяланган сумманын баштапкы баасынын 10 пайыз кепилдик төлөмүн бериши керек. Аукцион кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эски ат майдан жайгашкан жердин аянтынын 1 сотыхы 21 миң 250 долларга бааланууда.
Бул ипподорм 1947-жылы салынган. Ал жакта ат оюндары уюштурулуп келген. 2017-жылы "Аккула" ат майданы Бишкектин менчигине өтүп, 2020-жылы авариялык абалда деп табылган. Учурда Бишкектин четине жаңы ипподром салынууда.
Бишкекке курула турган жаңы стадиондун эскизи  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Бишкекке курула турган жаңы стадиондун эскизи даяр болду
Жаңылыктар түрмөгү
0