Бишкекте экспресс-каттамдарды киргизүү сунушталууда

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМаршруткалар токтоп турган жай. Архив
Маршруткалар токтоп турган жай. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
Экспресс-каттамдар жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөп, тыгындарды азайтары белгиленген.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте экспресс-каттамдарды киргизүү сунушталууда. Тийиштүү ченемдик-укуктук акт мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, аталган каттамдар шаардын алыскы аймактарынан акыркы аялдамага чейин токтобой коомдук транспорт үчүн чийилген тилке менен жүрө алат.
"Шаар боюнча коомдук транспорттун жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында экспресс-автобустук жана кичи автобустук каттамдарды ачуу пландаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, экспресс-каттамдар үчүн жаңы тарифтер киргизилери кошумчаланган.
Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде бара жаткан маршрутка. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Бишкек мэриясы маршруткалардын кыймылы кандай өзгөрөрүн айтты. Карта
Жаңылыктар түрмөгү
0