Бишкек менен Оштун ТЭЦтери жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жылуулук менен камсыздоо объектилерин жергиликтүү бийлик органдарынын карамагына өткөрүп берүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров жылуулук менен камсыздоо объектилерин жергиликтүү бийлик органдарынын карамагына өткөрүп берүүнү тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
Жапаров көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, эффективдүүлүгү азайып, натыйжада чоң жоготуулар болуп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2

Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү

Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү - Sputnik Кыргызстан
2/2

Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү

1/2

Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү

2/2

Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү

Видеобайланыш аркылуу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери катышты.
Мамлекет башчысы жылуулук менен камсыздоо тутумун оптималдаштыруу боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, ар жылы турак жайларды жана социалдык объектилерди жылытууда кандайдыр бир маселе чыгып, көйгөй болуп келгенин белгиледи.
Жапаров көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, эффективдүүлүгү азайып, натыйжада чоң жоготуулар болуп жатканын белгиледи. Муну менен катар тармакта квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, энергоресурстардын өздүк наркынын жогорулашы, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр сындуу себептерден улам иштин жүрүшүндө маселелер жаралууда.
"Буга байланыштуу Садыр Жапаров "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүлө турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле маалда жылуулук менен камсыздоо объектилери алдыдагы үч жыл аралыгында республикалык бюджеттен каржыланат. Бул убакыттан кийин отканалар өзүн-өзү актай турган деңгээлге чыгуусу тийиш.
Бишкек шаардык ТЭЦи. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
ТЭЦ ири суммага оңдолот деп так эмес маалымат тараткан мамкызматкер иштен алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0