Депутат кыргыз санжырасы тууралуу музейлерди түзүү мыйзам долбоорун сунуштады

© Sputnik / Владислав НогайТапрых музейиндеги боз үй. Архив
Тапрых музейиндеги боз үй. Архив   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
Автор бул тарыхый муундардын уланышына чоң салым кошот деп эсептейт.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргыз санжырасы тууралуу музейлерди түзүү мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов көтөрүп, коомдук талкууга койду.
Анын айтымында, өлкөдө мындай музейлерди түзүү мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Андыктан санжыра боюнча материалдарды жана документтерди чогултууга, изилдөөгө, сактоого, көргөзмөгө коюуга жана жайылтууга расмий тоскоолдуктар жаралат.
"Учурда генеалогия уруулардын тарыхын, адамдардын келип чыгышын жана туугандык байланыштарын изилдеген көмөкчү тарыхый дисциплина катары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө популярдуулукка ээ болууда. Генеалогияны жайылтуу үчүн китептер жана энциклопедиялар жарыяланып, музейлер түзүлөт. Кыргыздар бул генеалогияны санжыра деп атап, эзелтен бери муундан-муунга оозеки өткөрүп келишет. Санжыра кыргыз элинин маанилүү салттарынын бири болуп саналат. Ар бир кыргыз жети атасын билүүгө тийиш", — деп жазылган документте.
Санжыраны сактоо жана өнүктүрүү илимий ыкмаларды кеңири колдонууну талап кылары белгиленди. Санжыра музейлерине муундардын сүрөттөрү жана санжыра китептери сыяктуу материалдар коюлат. Автор бул тарыхый муундардын уланышына чоң салым кошот деп эсептейт.
Үйлөнүү той учурунда жубайлар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Министрлик үй-бүлө курам дегендерге бир катар шарттарды коюуда. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0