Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Быйыл мектепти 69 миңге жакын бүтүрүүчү аяктайт

© Sputnik / Асылбек БактыбековБилимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Жалпы республикалык тестирлөөнү жылына 50 миңге жакын адам тапшырарын айтты.
Быйыл мектепти 69 миңге жакын бүтүрүүчү аяктаса, анын баары Жалпы республикалык тестирлөөгө катышпайт. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Быйыл мектепти 69 миңге жакын бүтүрүүчү аяктайт
Анын айтымында, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ЖРТны өткөрүү конкурсун утуп, суроолорду түзөт.
"Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өнөктүгү аягына келип калды. Жалпы жонунан ага мектеп бүтүрүүчүлөрү активдүү катышты. Буга чейин каттоо онлайн болуп келгендиктен, салыштырмалуу оорчулук жаралган жок. Быйыл мектепти 69 миңге жакын бүтүрүүчү аяктаса, анын баары Жалпы республикалык тестирлөөгө катышпайт. 50 миңге жакыны ЖРТга катышып, билимин текшерет. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ЖРТны өткөрүү конкурсун утуп, суроолорду түзөт жана тесттин баасын аныктайт", — деди Батракеева.
Ошондой эле адис абитуриенттер жогорку окуу жайларына тапшырганда кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест берип, аны баасы 200 сомду түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0