Бийлик Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
Өкмөт башчы курулуш иштерине акыркы технологияларды колдонуу жана имараттардын жер титирөөгө чыдамдуулугун текшерип туруу актуалдуу болуп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте окумуштууларга таянып Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти.
Ал курулуш иштерине акыркы технологияларды колдонуу жана имараттардын жер титирөөгө чыдамдуулугун текшерип туруу актуалдуу болуп жатканын белгиледи.
"Кыргыз окумуштуулары дагы алдыдагы күчтүү силкинүүлөрдүн ыктымалдыгын болжолдошууда. Эң кооптуу зоналарды белгилеп, тектоникалык жаракаларга кандай роль берилгенин иликтеп жатышат. Жыл сайын өлкөдө 13 миңге чукул сейсмикалык термелүүлөр болуп турат. Демек, биз көзөмөлдү эч качан азайтпашыбыз керек", — деди Жапаров.
Анын айтымында, акыркы 150 жылда Кыргызстанда күчү 7 баллдан өйдөрөөк 10дон ашуун катуу жер титирөө катталган.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жер титирөөнүн көбөйүшү, өлкөдөгү 28 станциянын иши. Сейсмолог Токтосопиевдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0