Аллергиялык ринит эмнеси менен коркунучтуу? Дарыгер түшүндүрдү

© AFP / PHILIPPE HUGUENПаркта мурдун жоолук менен жапкан аял. Архив
Паркта мурдун жоолук менен жапкан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
Эгерде илдет көп убакытка созулса бронхиалдык астмага алып келет.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Пульмонолог Бермет Естебесова аллергиялык риниттин себептери, дарылоо жолдору жана ооруну алдын алуу тууралуу Sputnik радиосунда маек курду.
Ал аллергиялык ринит жазында көп адамдарда башталарын айткан.
© Sputnik / Акбар АкжигитовПульмонолог Бермет Естебесова
Главный терапевт Вооруженных сил КР, пульмонолог Бермет Естебесова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Пульмонолог Бермет Естебесова
"Аллергиялык реакцияны көп учурда адамдар демейки мурун агуу, бүтүүдөн, курч респиратордук вирустук инфекциядан айырмалай албай калышат. Эгерде аллергиялык ринит көп убакытка созулса, ал бронхиалдык астма илдетине алып келет. Ошондуктан мурундун агышы эки аптадан өтүп кетсе аллергологго кайрылып, тест тапшыруу керек", — деген Естебесова.
Адистин айтымында, аллергиялык ринит – сырткы таасирлерге организмдин реакциясы. Ага ар кандай чөптөр, алардын жыты, теректен учкан пырлар, жаныбарлардын жүнү, тиричиликке колдонулган химиялык заттар кошулган каражаттар жана башкалар кирет.
"Аллергия иммунитет алсызданганда пайда болот. Ошондуктан сергек жашоо образын кармап, туура тамактанып, көп кыймылдоо зарыл. Биз изилдөө жүргүзүп көргөнүбүздө спорт менен машыккандардын аллергиялык реакциясы кескин төмөн болору аныкталган", — деди дарыгер.
Естебесова аллергияны дарыгер гана дарылай турганын, баштапкы этабында адиске кайрылуу менен илдеттен кутулуу оңой болорун кошумчалаган.
Кайың дарагы жазында. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Кычышуу, жөтөл. Кайыңга болгон аллергиянын белгилери
Жаңылыктар түрмөгү
0