Иманкулов: эл аралык террордук жана экстремисттик топтордун активдүүлүгү өсүүдө

© AP Photo / Felipe DanaМечитте АК-47 автоматы менен террорист. Архив
Мечитте АК-47 автоматы менен террорист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
Астанадагы саммитте Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов ШКУнун алкагында коопсуздукту камсыздоо маселесине токтолгон.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Иран менен Россияда болгон террордук чабуулдар эл аралык террордук уюмдардын жана экстремисттик топтордун активдүүлүгү өсүп жатканын ырастоодо. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов Астанада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын XIX жолугушуусуна билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө Иманкулов дүйнө кооптуу болуп бара жатканын белгилеген.
"Кырдаал барган сайын оорлошуп, эл аралык террордук уюмдардын жана экстремисттик топтордун активдүүлүгү өсүүдө. Муну Иран менен Россияда жыл башынан бери көп сандагы адамдардын өлүмүнө жана жабыр тартуусуна алып келген оор террордук чабуулдар ырастап турат", — деген Иманкулов.
Ошондой эле ал дүйнөлүк саясатта болуп жаткан окуяларга байланыштуу ШКУнун алкагында жаңы чакырыктар пайда болгонун айтып, уюмдун статусун бекемдөө жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти уюштурууну сунуштады.
Жолугушуунун аянтчасында Марат Иманкулов Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маселелер талкууланды.
Андан соң делегация башчыларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Токаев ШКУ коопсуз жана адилеттүү дүйнөнүн формуласын сунуштаарына ишенет
Жаңылыктар түрмөгү
0