"Нормандия-Неманды" НАТО азыр бетпактык менен пайдаланууда. Тарыхый видео

Жазылуу
1943-жылдын 5-апрелинде француздардын "Нормандия-Неман" эскадрильясы согушка кирген. "Нормандия" фюзеляжында советтик беш жылдыз, Франциянын ак желеги, чагылган тартылган Як менен абадагы кармашка аттанган.
Франциянын пилоттору германиялык учкучтар менен согушка бет алган советтик бомбалагычтарды коштоп жүрүшкөн. Француздар Смоленскини бошотууга, Курск салгылашына, "Багратион" деп аталган Беларусь операциясына катышкан. Ал эми "Нормандия-Неман" деген ат Литваны бошоткону үчүн ыйгарылган.
"Нормандия-Немандын" тарыхы 1945-жылы соңуна чыккан. Улуу Ата Мекендик согушта авиаполктогу 97 пилоттун 42си курман болгон.
Аталган авиаполктун атын 1999-жылы Югославиядагы варвардык бомбалоо булгаган. Ал эми бүгүнкү күндө "Нормандия-Немандын" истребителдери НАТОнун чыгыш флангында бетпактык менен колдонулуп, Россияны "токтотуп, кармап туруу" миссиясын аткарып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0