Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Вице-мэр: Бишкектеги заводдо таштандыны кайра иштетүү бир нече этапта жүргүзүлөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТаштанды заводдун кызматкерлери. Архив
Таштанды заводдун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Жазылуу
Кытайлык компания борбор калаада таштандыны кайра иштеткен заводго инвестиция салганы белгиленди.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкектеги заводдо таштандыны кайра иштетүү бир нече этапта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Вице-мэр заводду экологиялык талаптарды эске алуу менен кытайлык "Хунань Цзюнсин" компаниясы 1,5-2 жылда курарын белгиледи. Анын айтымында, заводдун кубатуулугу суткасына 1000 тонна болуп, бара-бара жогорулатыларын белгиледи.
© Sputnik / Акбар АкжигитовБишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев
Брифинг Мэрия о строительстве мусороперерабатывающего завода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев
"Келечекте заводдун кубаттуулугун 3 000 тоннага жеткирүү пландалууда, анткени шаардын калкы өсүүдө. Учурда Бишкек үч эсе кеңейди. Шаарда 20 таштанды сактоочу жайга күнүнө 800дөн 1200 тоннага чейин калдык алып келинет. Таштандыны кайра иштетүү процесси өрттөлгөндөн баштап, бууларды тазалаганга чейин бир нече этапта жүргүзүлөт", — деди вице-мэр.
Ошондой эле ал заводдун курулушуна жалпы 95 миллион доллар инвестиция салынарын кошумчалады.
Бишкекте таштандыны кайра иштеткен завод курула баштады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Бишкекте таштандыны кайра иштеткен завод курула баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0