Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Генетик: баласынын оорусун эмдөөдөн көргөндөр бар, бул туура эмес

© Sputnik / Асылбек БактыбековАдамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун врач-генетиги Мээрим Курманалиева
Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун врач-генетиги Мээрим Курманалиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Жазылуу
Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун врач-генетиги Мээрим Курманалиева вакцина балдардын неврологиялык дарттарына себепчи болору далилденбегенин айтты.
Балдары аутизм, тубаса шал сыяктуу дарттарга чалдыкканын айрым ата-энелер эмдөөдөн көрүп келишет. Бул тууралуу Мээрим Курманалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, наристеде тубаса неврологиялык оору болсо гана анын сыртка чыгышына вакцина таасир этиши мүмкүн. Бул эмдөө ооруга алып келет дегенди билдирбейт.
Генетик: баласынын оорусун эмдөөдөн көргөндөр бар, бул туура эмес
"Мисалы, совет убагында аутизм дарты өтө сейрек кездешчү. Азыр көбөйдү. Вакцинада ртуть элементинин кошулмасы көп болуп калса ал мээге таасир этет. Вакцинанын сапаты да чоң мааниге ээ. Бирок эмдөөнүн кесепети тууралуу толук изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Чүрпөсүнүн дартын вакцинадан көргөн апалар бар. Балада билинбеген кандайдыр бир неврологиялык оору болсо гана эмдөөдөн соң процесс жүрүп кетиши мүмкүн. Алгач ата-эненин генетикасын иликтеш керек. Канында тукум кууган оорулар болсо түйүлдүктүн суусун анализге жиберип аныктап билсе болот. Бирок анализ Москвада жасалат", — деди Курманалиева.
Ал түйүлдүктүн кандай оору менен төрөлөрүн аныктоо өтө кымбат турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0