7-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарындагы Панфилов паркы. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарындагы Панфилов паркы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Жазылуу
7-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 7-апрель, жекшембиде, күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй аймагында +15...+20, Таласта +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +18...+23, Ысык-Көл облусунда +9...+14, Нарында +8...+13 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында түнкүсүн жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +17...+19, Ошто +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Бишкекте экология маселесин көтөргөн "Ак илбирс" спектакли тартууланат
Жаңылыктар түрмөгү
0