Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Орнитолог: Кыргызстанда тоодак, ак куу жоголуп кетүү коркунучунда турат

© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин илимий кызматкери, орнитолог Сейитказы Сагынбаев
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин илимий кызматкери, орнитолог Сейитказы Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин илимий кызматкери, орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанда куштардын 57 түрү Кызыл китепке катталганын айтты.
Кыргызстанда тоодак таптакыр жоголуп кетүү коркунучунда турат. Тоодак учууга жөндөмдүү ири канаттуу катары эсептелип, адам жашабаган жапайы жаратылышта дың жерлерди байырлайт. Тилекке каршы, браконьерлик кылгандар өсүп, аны өлкө аймагынан табуу кыйын болуп калганын Сейитказы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Орнитолог: Кыргызстанда тоодак, ак куу жоголуп кетүү коркунучунда турат
Анын айтымында, адамдар жапайы канаттуулар байырлаган жерлерге чейин жетип, алардын жашоо ыңгайы бузулуп, аймакты таштап кетүүгө мажбур болууда.

"Кыргызстанда жапайы куштардын 57 түрү Кызыл китепке катталган. Өлкөдө тоодак таптакыр жоголуп кетүү коркунучунда турат. Тоодак учууга жөндөмдүү ири канаттуу катары эсептелип, адам жашабаган жапайы жаратылышта дың жерлерди байырлайт. Тилекке каршы, айдоо жерлер көбөйүп, браконьерлик кылгандар өсүп, аны биздин аймакта табуу кыйын болуп калды. Негизи эле адам буту жеткен жерлердин аянты көбөйүп, жапайы жаныбарлар үчүн кыйын болуп жатат", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле адис ак куулар да жоголуп кетүү коркунучунда турганын, бул куштун байыр алуусуна жолтоо болбоо керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0