Түркия тажикстандыктарга виза режимин качан киргизерин айтты

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТажикстан жаранынын паспорту. Архив
Тажикстан жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Жазылуу
Түркиянын мындай чечимине эмне себеп болгону белгисиз.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Түркияда тажикстандыктар үчүн виза режими 20-апрелден тарта башталарын Sputnik Тажикстан жазды.

"2024-жылдын 20-апрелинен тарта Түркия тарабынан Тажикстандын жарандары үчүн виза системасы киргизилет. Анкара бул чара тууралуу 6-апрелде дипломатиялык каналдар аркылуу Душанбени расмий кабардар кылды", — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын мындай чечимине эмне себеп болгону белгисиз. Тажикстан дагы Түркиянын жарандарына виза режимин киргизүүнү карап жатат.
2021-жылдан бери тажикстандыктар Түркияга жалпы жарандык паспорт менен кирип-чыгып келишкен. Эми алар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн виза алышы керек болот.
Тажикстан ТИМи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Тажикстан Түркия жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү карап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0