Эс тутумду кантип жакшыртууга болот? Психолог ыкмаларын санап берди

© Фото / Unsplash / Matias NorthАял китеп окуп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Аял китеп окуп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Адис адамдын когнитивдик жөндөмү активдүү кыймыл-аракеттен түздөн-түз көз каранды экенин белгилеген.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Мээни машыктырып иштетүү денени кыймылдатып, көнүгүү жасаткандай эле пайдалуу. Бул тууралуу клиникалык психолог Виктория Кондрашина түшүндүрмө бергенин "Известия" жазды.
Анын айтымында, адамдын айрым бир учурларды унутуп калуусу — нерв системасына керексиз маалыматтардан арылууга жардам бере турган кадыресе көрүнүш. Бирок байма-бай кайталанган унутчаактык ыңгайсыз абалга кептеп, деменциянын алгачкы белгиси болуп саналат. Кондрашина интеллектини өз калыбында сактоо анча татаал эмес экенин, бул үчүн көнүгүүлөрдү аткарып туруу жетиштүү болорун белгилеп, айрым түрлөрүн айтып берген.

"Каалаган бир буюмду 30 секундадай карап, эстеп калууга аракет кылыңыз. Андан кийин ал буюм турган жерден башка жакты карап майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп бериңиз. Мында деталдары да чоң мааниге ээ. Же бош боло калганыңызда күнүмдүк маршрутуңузду кайра бир сыйра көздөн өткөрүп, айтып бергенге аракет кылыңыз. Мындай көнүгүүлөр эс тутумду машыктырат. Күнүгө кайталап туруу жакшы натыйжа берет", — деген адис.

Кондрашина эс тутум үчүн китеп окуу да жакшы жардам берерин кошумчалады.
"Окуп жатканда кээде ой ала качып, эмне окуганыңызды түшүнбөй калган учурлар болсо керек. Демек, алагды болуп, көңүл башкага бурулуп кетти. Ал беттерди кайрадан үңүлүп окууга туура келет. Бир-эки бет окугандан кийин мазмунун айтып берүүгө аракет кылыңыз. Мындай ыкма концентрацияны калыбына келтирет", — деди психолог.
Адис мээге ар кандай оюндар да жардам берерине токтолду. Анын айтымында, сүрөттөрдөн айырмачылыктарды таба билүү, кроссворддор, сөз куроо, судоку, интеллектуалдык тесттер мээнин иштешин активдештирет. Мындан тышкары, мээнин иштешине жаңы нерселер да жакшы таасир берет. Мисалы, чет тилин үйрөнүүдө чоочун сөздөр, эрежелер мээ үчүн жаңы нерсе катары кабылданат, мында аналитикалык жөндөм иштеп, жаңы тил конструкциялары эне тил менен салыштырылып, интерпретацияланат.

"Адамдын когнитивдик жөндөмү активдүү кыймыл-аракеттен түздөн-түз көз каранды. Спорт менен машыгуу ойду чачыранды кылбай бир жерге топтоого, маалыматты тез кабыл алууга, эс тутумду жакшыртууга өбөлгө. Буга кошумча, күнүмдүк тамактын рациону өзгөрүп турушу керек. Басымды пайдалуу, антиоксиданттары менен витаминдери көп азыктарга жасоо зарыл. Мындай балансталган тамак мээни да азыктандырып, ишин жакшыртат. Муну менен бирге менталдык саламаттыкка көңүл буруп, өз убагында, туура эс алуу да чоң мааниге ээ. Өнөкөткө айланган стресс клеткаларды жок кылат, бул өз кезегинде эс тутумга терс таасирин тийгизерин унутпаңыз", — деди Кондрашина.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган Менин ден соолугум — менин укугум аталышындагы иш-чарага катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Бишкекте ден соолукту чыңдоого чакырган иш-чара өтүп, ага Акылбек Жапаров катышты
Жаңылыктар түрмөгү
0