Оренбург облусунда 10 миңден ашык турак үйдү суу каптап турат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОрскидеги дамбанын жарылгандан кийинки абалы
Орскидеги дамбанын жарылгандан кийинки абалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Оренбург облусунда 10 168 турак үй, 18 471 жер тилкени суу каптап турат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Соңку суткада облус боюнча 311 турак үйдөн, 1 733 жер тилкеден суу тартылды. Анда 1 718 адам (349у балдар) жашайт. 8-апрелдин таңына карата 10 168 турак үй, 18 471 жер тилке дагы деле суу астында калууда", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Россиянын Оренбург облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба 5-апрелде жырылган. Суу айылдарды каптап, эл көчүрүлгөн. Каза болгондор бар экени маалымдалган. Ошондой эле аймактык прокуратура дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулганын айтып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеген.
Орск шаарындагы дамбанын бузулушунун кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Дамба жарылган Оренбург облусундагы абал курч бойдон калууда. Соңку маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0