Теги кыргызстандык аял Түркияда айыл башчы болду. Видео

© Sputnik / Антон ДенисовТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Аял түркиялык кишиге турмушка чыгып, өлкөгө 10 жыл мурун көчүп барган.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда туулуп-өскөн Анастасия Метин Түркиядагы элеттердин биринде айыл башчы болгонун TRT телеканалы жазды.
Айылда болгону 15 үй бар. Бул кызматка үч талапкер болгон. Метин 11 добуш алса, калгандары 7 жана 3 добуш алган.
“Мага колдоо көрсөтүп, мени тандагандарга ыраазымын. Айыл үчүн иштейбиз, жол курабыз, асфальт төшөйбүз”, — деген ал.
Аял түркиялык кишиге турмушка чыгып, өлкөгө 10 жыл мурун келгенин айткан. Айыл башчы элеттеги көйгөйлөрдү чечүүгө катуу киришерин айтты.
Оштогу памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Оштогу памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0