Улуттук банк адистерди жумушка чакырат. Бош орундар

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Документтер 18-апрелге чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Улуттук банк адистерди жумушка чакырып, бош орундардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, төмөнкү бош кызмат орундары бар:
Экономика башкармалыгынын интеграциялоо жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн адистери;
Көзөмөлдөө методологиясы бөлүмүнө адистер.
Документтер 2024-жылдын 18-апрелине чейин кабыл алынат.
Сынакка катышуу, анын талаптары жана жумуш тууралуу толук маалыматты www.nbkr.kg сайтынан алууга болот.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрыла аласыз:
Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын персонал менен иш алып баруу бөлүмү;
(0312) 66-90-18 жана (0312) 61-10-21 номерлери аркылуу.
Тазалык ишканасынын кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Айлыгы 30-40 миң сом. "Тазалык" жумушчуларды ишке чакырат
Жаңылыктар түрмөгү
0