Бишкекте Космонавтика күнү белгиленет. Иш-чаралардын анонсу

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүү "Земля в иллюминаторе" көргөзмөсүндө жүргөн бала. Архив
 Земля в иллюминаторе көргөзмөсүндө жүргөн бала. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Жазылуу
Космонавтика күнүнө карата бир нече иш-чара пландаштырылган.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") 11-апрелде Космонавтика күнүнө арналган "Жер – адамзаттын бешиги" аттуу жыйын өтөт.
Борбордун маалыматына ылайык, 12-апрелге карата бир нече иш-чара пландаштырылууда:
КРСУнун профессору Леонид Сумароковдун "Юрий Гагарин Кыргызстандын космостук феноменин кантип жараткан" деген темада республиканын космосту изилдөөгө кошкон салымы тууралуу лекциясы;
Н.Рерих атындагы музейдин жетектөөчү кызматкери Ирина Жумардын космосто "Тынчтык Туусу" орнотулганы жана космос кораблинин бортунда Рерихтин сүрөт көргөзмөсү кандай өткөнү жөнүндө лекциясы;
"Мен кантип космонавт болдум" (космоско учкан кеңсе кызматкердин окуясы) тасмасы.
Жыйын Эркиндик проспекти, 2/1 дарегинде 16:30да башталат. Иш-чарага шилтеме аркылуу катталсаңыз болот.
СССРдин учкуч-космонавты, Советтер Союзунун баатыры Юрий  Гагарин. 1961-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Бүгүн туңгуч космонат Юрий Гагариндин туулган күнү... Тарыхый материалдар
Жаңылыктар түрмөгү
0