Аймактарда өстүрүүгө сунушталган мөмө-жемиштин түрлөрү. Багбандарга кеңеш

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМалинанын түшүмүн жыйноо. Архив
Малинанын түшүмүн жыйноо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Жазылуу
Министрлик сунуш берүүдө ар бир райондун климаттык жана кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алган.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык дыйкандар эми 614 миң гектар жерди көп жылдык ижарага алып, мөмө-жемиш бактарын өстүрсө болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Жер кунарлуулугу төмөн жайыттарда көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү мыйзамынын негизинде ижарага берилет.
Ведомство өлкөнүн ар бир районунун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен облустарга карата мөмө-жемиштин кандай түрүн жана сортун өстүрүүгө болорун иштеп чыкты.

Баткен облусу

Аймактын климаттык, кыртыштык шарттары боюнча бардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, анын ичинде өзгөчө жүзүмдүн ашкана жана техникалык сортторун тигүү сунушталат. Кадамжай районунда алча жана гилас, Баткен менен Лейлек райондорунда өрүк өстүрсө болот.

Жалал-Абад облусу

Тоо этектериндеги райондордо көп жылдык мөмөлүү бак-дарак өсүмдүктөрүн, Сузак районунда жүзүм, Аксы районунда кайналы (кара өрүк), Чаткал районунда чычырканак, карагат, ит мурундун аянтын көбөйтүү сунушталат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл жана Тоң райондору гилас, өрүк, шабдалы, алма өстүрүүгө, Жети-Өгүз району жана Ысык-Көл облусунун түндүк тарабына малина жана карагат тигүүгө болот. Кулпунай аймактын бардык бөлүгүндө жакшы өсөт.

Нарын облусу

Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунда алма, алмурут, өрүк, карагат, барбарис, дан куурай, кулпунай жана чычырканактын тикенексиз сортторун өстүрүүгө болот.

Ош облусу

Ошто негизинен дан эгиндери, жашылча, бакча өсүмдүктөрү жакшы өсөт. Мөмөлүү бактарды Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондоруна тигүү сунушталат.

Талас облусу

Талас өрөөнүндө алма, алмурут, кайналынын түрүн өстүрсө болот.

Чүй облусу

Тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп алма, алмурут, жүзүм жана жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүү сунушталат.
Арстанбап токоюна жаңгактын 6 миң көчөтү тигилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Арстанбап токоюна жаңгактын 6 миң көчөтү тигилди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0