Украинада Сикорскийден баш тартуу боюнча маселе көтөрүлүүдө

© SputnikАвиаконструктор Игорь Сикорский. Архив
Авиаконструктор Игорь Сикорский. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Украина Михаил Булгаковдон кийин эми авиаконструктор Игорь Сикорскийден баш тартканга даяр. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.
"Сикорскийдин так позициясынан улам аны дагы украин деп атоого болбойт", — деген "Европалык тилектештик" партиясынан шайланган эл өкүлү Владимир Вятрович.
1936-жылы Сикорский өзүнүн позициясын билдирген.
"Тегим украиндерден, Киев губерниясынанмын, бабаларым диндар адамдар, чиркөө өкүлдөрү болушкан. Бирок Украинаны Россиянын бөлүгү катары интеграциялашканын карап туруп, өзүбүздү Россиянын белгилүү бир жагынан чыккан орус деп эсептейбиз. Бул Кошмо Штаттарына интеграциялашкан бөлүк болуп калган Техас же Луизиана сыяктуу", — деген ал.
Сикорскийдин атындагы Жуляны аба майданы, Киев политехникалык институту, көчө (Киевдеги Америка элчилиги жайгашкан) бар.
Киев-Печерск лаврасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык аскерлер монастырдын аймагынан элди сүрүп чыгарды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0