Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

Ак үй Россиянын террорчулукту каржылоого айыптап иш козгошу боюнча үн катты

© AP Photo / Patrick SemanskyВашингтондогу Ак үй
Вашингтондогу Ак үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2024
Жазылуу
РФ Тергөө кызматы коммерциялык уюмдар аркылуу алынган каражаттар соңку жылдарда Россияда терактыларды уюштурууга жумшалганын билдирген.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан РФ Тергөө комитетинин Америка жана НАТО өлкөлөрүнүн кызмат адамдарына террорчулукту каржылоо боюнча кылмыш ишин козгошун "нонсенс" деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Россиянын Тергөө комитети "Крокус сити холлдогу" терактыдан кийин Мамлекеттик Дума депутаттарынын өтүнүчү менен АКШнын жана НАТО өлкөлөрүнүн кызмат адамдары тарабынан террорчулукту каржылоо боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Анда коммерциялык уюмдар, анын ичинде "Бурисма холдингс" мунай-газ компаниясы аркылуу алынган каражаттар соңку жылдарда Россияда терактыларды уюштурууга жумшалганы аныкталганы айтылган.
"Бул нонсенс", — деген Салливан брифингде кылмыш иши боюнча комментарий берүүнү суранышканда.
Ошол эле учурда АКШ президентинин жардамчысы "Крокустагы" терактыга "Ислам мамлекети" (КР, РФ жана башка мамлекеттерде тыюу салынган) террордук уюму күнөөлүү экенин айткан.
"Биз Россияга Москвада террордук чабуул даярдалып жатканы тууралуу эскерткенбиз, калганы жөн гана сөз", — деген Салливан.
Буга чейин Мамдуманын депутаттары Украинанын террордук ишмердигинин жеке демөөрчүлөрүнүн бири АКШ президенти Жо Байдендин украиналык бизнес-өнөктөшү — Burisma аттуу газ өндүрүүчү компаниянын ээси Николай Злочевский экенин айтышкан. Депутаттар 2014-жылдан тарта Байдендин уулу аталган компаниянын директорлор кеңешинин катарына киргенин белгилешкен. Дал ушундан улам АКШнын өзүндө Байдендин үй-бүлөлүк бизнесине карата нааразычылыктар жаралган.
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасы алдында баннерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европадагы башкы командачы: НАТО өлкөлөрү РФ менен согуша турган жагдайда эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0