Бишкекте кулаган тик учак. Генштаб алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгын айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкекте МИ-8 аскердик тик учагынын кулашы. Архив
Бишкекте МИ-8 аскердик тик учагынын кулашы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2024
Жазылуу
Окуядан кийин Абадан коргонуу күчтөрүнүн башчысы кызматынан алынган.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учактын кулашы боюнча алдын ала иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Руслан Мукамбетов Sputnik радиосуна курган маегинде айтты.
Буга чейин министрликте окуянын себебин иликтей турган атайын комиссия түзүлгөн.
"Комиссия кырсыкты иликтеп бүттү, бирок Аскер прокуратурасы дагы деле тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, тик учактын бардык агрегаттары жана тетиктери оң эле болгон. Ми-8 МТВ тик учагынын кулашына аба ырайынын катаал шарты жана адамдык фактор себеп экени аныкталууда", — деген Мукамбетов.
Ошондой эле ал бул окуядан кийин Абадан коргонуу күчтөрүнүн башчысы Кылычбек Айдаралиев кызматтан четтетилгенин эске салды. Айтымында, эми ал кызматтан биротоло алынган. Абадан коргонуу күчтөрүнүн башчысы кызматынын милдетин убактылуу аткаруу Талант Талиповго жүктөлгөн.
Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда №23565 аскердик бөлүктүн аймагына кулап түшкөн. Кырсыктан экипаждын 29 жаштагы командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Бишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0