"Ангара-А5" Восточный космодромунан учту. Видео

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүОор класстагы "Ангара-А5" ракетасы алгач ирет Восточный космодромунан учту
Оор класстагы Ангара-А5 ракетасы  алгач ирет Восточный космодромунан учту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Оор класстагы "Ангара-А5" алгач ирет Восточный космодромунан учканын РИА Новости жазды.
Бул маанилүү окуя саат 15:00дө болду. Ал көтөрүлгөндөн 12 мүнөт 26 секунда өткөндөн кийин от алган "Орион" блогу ракетанын үчүнчү — орбитага салмак менен алып чыккан бөлүгүнөн ажыраган.
"Ангара-А5" биринчи ирет 9-апрелде уча турган болгон. Бирок техникалык себептерден улам кийинкиге жылдырылган. Анын уча турган инфраструктурасы аталган космодромдо 2018-жылдан тарта курула баштаган. Буга чейин жеңил класстагы "Ангара-А1.2" жана оор класстагы "Ангара-А5" Архангельскидеги Плесецк космодромунан кое берилген.
Келечекте Амур космодромунан жаңыланган "Ангара-А5М" ракетасынын учурула турганын айтышты. Анын жардамы менен космоско россиялык орбиталык станциялардын модулдарын алып чыгышмакчы.
ГЛОНАСС спутнигин макети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Россия 2023-жылы жаңы муундагы үч ГЛОНАСС спутнигин учурат
Жаңылыктар түрмөгү
0