Жаңы автобекеттен Каракол, Бостери жана Балыкчыга маршруттук каттам ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруттук такси. Архив
Маршруттук такси. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
Маршруттук каттамды тейлөө үчүн 10 кичи автобус даярдалган.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жаңы автобекетте Каракол, Балыкчы шаарларына жана Бостериге маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматында айтылат.
Билдирүүдө аталган каттамдар 10-апрелден тарта иштеп баштаганы айтылган. Ошондой эле аны тейлөө үчүн 10 кичи автобус даярдалып, алар күн сайын 12:00дөн тарта "Бишкек автобекетинен" чыгышат.
Жол кире төмөндөгүдөй бекитилген:
Бишкек — Каракол – 450 сом;
Бишкек — Бостери – 350 сом;
Бишкек — Балыкчы – 300 сом.
+996 704 190 589, +996 700 981 080 номерлери аркылуу билетти алдын ала алып койсоңуз болот.
Эскерте кетсек, "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жайгашкан.
Айланма жолдогу жаңы автобекеттин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Айланма жолдогу жаңы автобекет менен 25 ташуучу компания кызматташууда. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0