Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Бийлик ТЭЦтеги жарылуунун себебин атап, авариянын хронологиясын берди

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жүрүшүндө "кырсыктын техникалык себептери аныкталды".
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ТЭЦтеги авариянын себептерин атап, хронологиясын келтирди.
Төрөбаев Бишкек ТЭЦиндеги авариялык кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана өлкөнүн жылуулук-энергетика тармагын узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси болуп саналат.
Анын айтымында, комиссиянын ишинин жүрүшүндө "кырсыктын техникалык себептери аныкталды".
1-февралда энергетикалык объектиде 11 от казан жана 7 турбоагрегат иштеп жаткан. Ал окуянын хронологиясын келтирди:
1-февралда энергетикалык объектиде 11 от казан агрегаты жана 7 турбоагрегат иштеп жаткан;
22:57 (1-февраль) – станциянын нөөмөттөгү жетекчисинин тапшырмасы боюнча №18 от казан агрегаты токтотулган;
бул кадам НЭСКтин борбордук диспетчердик кызматы менен макулдашылган эмес;
02:45 (2-февраль) – нөөмөттөгү жетекчи ошол эле от казан агрегатын кайра иштетүүгө буйрук берген;
02:45тен 02:54кө чейин — оператор от казандын параметрлерин жана казанга аба берүүнү жөнгө салган. Андан кийин №2 газ отун ачып, факелдин жардамы менен казанды күйгүзөт;
02:57 – айдоочу №5 газ күйгүчкө жакындап аны ачат жана иштетүү үчүн факелди киргизет;
02:58 – казандагы басым кескин төмөндөп кетет дагы кезегинде резервде турган №18 тегирменде басым кескин жогорулайт;
02:59 – №18 тегирменде жарылуу болуп, андан кийин № 14, 15, 16, 17, 19 жана 20-казандардан тегирмендеги көмүр массасы чыга баштаган.
Мындан кийин ТЭЦтин эски агрегаты толугу менен өчүрүлгөнүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билдирди. Ысык суунун параметрлери кескин төмөндөп 70 градустан 30-40ка чейин жеткен. Шаардын жылуулук менен камсыздоо системасынын ишин сактап калуу үчүн бир катар кичи райондордогу имараттардын жылытуу системалары токтоп, ысык сууну өчүрүү иштери башталган.
Эске салсак, 2-февралда Бишкек ТЭЦинде болгон жарылуудан улам 60 миңге жакын батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган. Кырсыктан беш адам жабыркап, алардын экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.
Бишкек ТЭЦинин дрондон көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦтин авариядан кийинки чыгымы дээрлик 70 млн. сомду түздү
Жаңылыктар түрмөгү
0