Шакиев кыргыз ысымдарын коюп, чет тилдеги мультфильмдерди бөгөттөөгө чакырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев соңку убактарда кыргыз аталыштары жана ысымдар арабдашып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Парламентте "Адал индустриясы жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
"Халал эмес, адал. Кыргызча эле айталычы. Жакшынакай эле Бакыт, Таалай, Элмырза, Улукбек, Балбак, Чолпон, Жылдыз, Нурбек, Акылбек деген ысымдар бар. Аларды эмнеге арабдаштырып, же орусчалап, же башка тилде коюшубуз керек? Бул өтө маани бере турган маселе. Нукура кыргыз аттарын койбосок тилибиз жоголуп бара жатканы аз келгенсип, кыргыздын ысымдары дагы жоголот", — деди Шакиев.
Ошондой эле ал учурда айылдарда балдардын тили орусча чыгып жатканына аткаруу бийлигинин көңүл бурушун тапшырды.
"Телефондон, "Ютубдан" мультфильмдерди көрүп (балдардын тили — ред.) орусча чыгууда. Ошон үчүн балдар көрө турган орусча, англисче, башка тилдеги бардык контентти бөгөттөп, кыргызча кылыш керек", — деди спикер.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
ЖК спикери Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0