13-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Андрей Варенков / Медиабанкка өтүүТоодо жамгыр жаап жаткан учур. Архив
Тоодо жамгыр жаап жаткан учур. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
13-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот.
Бул күнү Ош калаасында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +20...+22, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында балдар самокаттарды тээп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0