Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Транспорт министрлиги: быйыл 500 чакырым жол куруу пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолго асфальт төшөп жаткан жумушчулар. Архив
Жолго асфальт төшөп жаткан жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы 2024-жылга карата мекеменин планын айтып берди.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Быйыл өлкөдө 500 чакырым жол куруу пландалып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы Абсамат Талантбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Жантай МакеновТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы Абсамат Талантбек уулу
Брифинг Минтранс о дорогах и демонтаже незаконных объектов вдоль трасс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы Абсамат Талантбек уулу
Ага министрликтин 2024-жылга карата пландары тууралуу суроо узатылган.
"500 чакырымга чукул жол куруу пландалууда", — деп жооп берди Талантбек уулу.
Тактап айтканда:
Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 13-чакырымында асфальттын экинчи катмары төшөлүп, тротуар курулат;
Ала — Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолунун 40 чакырымдайы жасалат (жолдун узундугу 100 чакырым);
Нарын — Баетов жолунун 20 чакырымы оңдолот.
Ысык-Көлдө Корумду — Балбай баатыр жолун реконструкциялоо башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Ысык-Көлдө Корумду — Балбай баатыр жолун реконструкциялоо башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0