Денис Петрашов АКШдагы эл аралык мелдеште алтын утту. Видео

© AP Photo / Martin MeissnerКыргызстандык Денис Петрашов сууда сүзүү учурунда. Архив
Кыргызстандык Денис Петрашов сууда сүзүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
Мелдеш 11-апрелде АКШнын Сан-Антонио шаарында өткөн.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 11-апрелде Сан-Антонио шаарында өткөн.
"Петрашов 62 спортчу катышкан 100 метр аралыкка брасс жарышында 1 мүнөт 0,49 секундда келип финалга чыккан. Финалдык сүзүүдө 59,83 секундалык жыйынтык менен биринчи орунду ээледи", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек Денис Петрашов 24 жашта. Ал брасс үлгүсүндө 50, 100, 200 метр аралык боюнча бир нече мелдеште жеңишти камсыздаган.
Денис Петрашов Азия чемпионатынан дагы бир алтын утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Денис Петрашов Азия чемпионатынан дагы бир алтын утту
Жаңылыктар түрмөгү
0