Президент Жапаров учурда Улуттук банкта канча алтын бар экенин айтты

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Улуттук банкта отуз жылда 16 тонна алтын чогулса, үч жылда 35 тонна алтын кошулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, экономиканын өсүшүнө, инфляциянын төмөн кармалып турушуна Улуттук банктын салымы чоң.
"Жалпы эл аралык резерв бүгүнкү күнгө 3 миллиард 491 миллион долларга жетти. Көз карандысыздыгыбыздан бери 2020-жылга чейин эл аралык резерв болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон. Бүгүнкү күндө Улуттук банк 1 миллиард 67 миллион долларды үч жылда эле үстүнө кошту", — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле президент алтындын запасы боюнча да айткан.
"Улуттук банкта 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган. Бүгүнкү күндө 51 тоннага жетип, үч жылда 35 тонна кошулду. Айырмасын карагыла", — деген мамлекет башчы.
Мындан сырткары, ал Улуттук банк туура саясат жүргүзүп инфляциянын деңгээли 5,2 пайызга түшкөнүн, бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экенин кошумчалаган.
Монетный двор США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Улуттук банктын алтын кору 137,3 млрд. сомго чейин өстү. Рекорддук көрсөткүч
Жаңылыктар түрмөгү
0