2 айда Кыргызстанга 464 миллион доллар которулду

© AP Photo / LM OteroДоллар купюралары. Архив
Доллар купюралары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ушул жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга сырттан 464 миллион 630 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Айтылган сумма өткөн жылдын (332,2 миллион доллар) жана 2022-жылдын ушул мезгилдерине (366,9 миллион доллар) салыштырмалуу көп.
Бул — акча которуу системалары аркылуу келген жеке тараптардын каражаты. Анын 433,8 миллион доллары Россиядан которулган.
Бишкектеги банкоматта Сбербанктан Мир картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Акылбек Жапаров: санкциялардан коркпойбуз, алар менен деле жашоо уланат
Жаңылыктар түрмөгү
0