Ветеринардык кызмат үй жандыктарын эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгын эскертти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМалды эмдөөдөн өткөрүп жаткан ветеринар. Архив
Малды эмдөөдөн өткөрүп жаткан ветеринар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2024
Жазылуу
Веткызмат жолбун иттерди жок кылуу аракеттерин көрүп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Үй жандыктары жугуштуу ооруга чалдыкса же күмөнсүү жаралса дароо Ветеринардык кызматтын райондук, шаардык башкармалыктарына же жеке ветеринар адистерине кайрылуу зарыл. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Веткызмат жаз келип күн жылыган сайын жапайы жаныбарлардын (ит, куш, карышкыр, чөө) мал-жандыкка кол салуусу күч аларын эскертет. Мындан улам жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулар да көбөйө баштайт.
"Ар бир ылаңдын этиологиясына жараша диагностикалык жана профилактикалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Эгер жапайы жаныбарлардын, жолбун иттердин мал-жандыкты тиштеп, кол салган учурлары болсо веткызматкерлерге кабарлоону өтүнөбүз. Кайдыгер болбоңуз", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жолбун иттерди жок кылуу үчүн Веткызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштеп жатканы айтылды.
Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Табалдиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Радио
Веткызмат I кварталда азык-түлүктүн 25 үлгүсүнөн антибиотик аныктады
Жаңылыктар түрмөгү
0