Кыргызстан Иран менен Израилди аскердик аракеттерден алыс болууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Иран желектери. Архив
Кыргызстан жана Иран желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
КР ТИМи тараптарды Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды туруксуздаштырууга алып келе турган мындан аркы аскердик аракеттерден алыс болууга чакырды.

Кыргызстан тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу үндөйт”, деп айтылат маалыматта.

Ирандын чабуулу маалында Иерусалимде жардыруулар асманда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Израиль Ирандын соккусунун мизин кайтаруу канчага турганын эсептеп чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0