Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аарыны идентификациядан өткөрүү экспорттун көлөмүн өстүрөт

© SputnikКыргыз илим-изилдөө институтунун бал аарычылык лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиев
Кыргыз илим-изилдөө институтунун бал аарычылык лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
Кыргыз илим-изилдөө институтунун бал аарычылык лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиев советтик мезгилде Кыргызстан 12 миң тоннага чейин бал өндүрүп, потенциалы чоң тармактардын катарына киргенин айтты.
Кыргызстан акыркы жылдары балды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоп жатат. Бирок көлөмдү жогорулатуу үчүн талап кылынган стандарттарга туура келиш керек. Тилекке каршы, бизде бардык стандарттарга жооп берген күбөлүктөр жок экендигин Жакшылык Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аарыны идентификациядан өткөрүү — экспорттун көлөмүн өстүрөт
Анын айтымында, бал челектерди идентификациядан өткөрүү аркылуу экспорттук потенциалды жогорулатып, эл аралык рынокко чыгуу мүмкүн.
"Советтик мезгилде Кыргызстан 12 миң тоннага чейин бал өндүрүп турган. Ошол кезде бал өндүрүмү потенциалынын 10 пайызын гана колдонуп жатат деп белгиленчү. Ал эми учурда жылына 2 миң тоннадан ашыгыраак көлөмдү түзөт. Демек, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз абдан кенен дегенди түшүндүрөт. Мисалы, Кыргызстан акыркы жылдары балды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоп жатат. Бирок көлөмдү жогорулатуу үчүн талап кылынган стандарттарга туура келиш керек. Тилекке каршы, бизде бардык стандарттарга жооп берген күбөлүктөр жок. Союз учурунда бир гана стандарт болсо, азыр азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу 20га жакын стандарт талап кылынат", — деди Дүйшөналиев.
Ошондой эле адис айыл чарбасында аарынын орду чоң болгондуктан илимий изилдөөгө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0