Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жүк ташуучу унаалар. Архив
Бишкектеги жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
Буга чейин чектөө 5-апрелден тарта киргизилген эле.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми 1-июндан 1-сентябрга чейин салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 19:00гө чейин жолдо жүрүүгө тыюу салынат.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев бүгүн жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жулугуп, натыйжада ушундай чечим кабыл алган.
Буга чейин Бишкек мэриясы 5-апрелден 1-октябрга чейин 7:00дөн 21:00гө чейин 18 тоннадан ашкан чоң жүк ташуучу унааларга шаар ичинде жүрүүгө тыюу салган болчу. Буга макул болбогон айдоочулар митингге чыгып, жылуулук режими жол берсе шаар ичинде жүрүүгө уруксат берүүнү суранган эле.
Чектөө тез бузулуучу азык-түлүктү, гуманитардык жардамды ташыган, мэрия тарабынан курулушка, жол оңдоого тартылган жана муниципалдык буюртманы аткарган унааларга тиешелүү эмес.
Бишкек шаарындагы жаңы курулуп аткан үйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Курулуш компанияларды үйлөрдүн 5%ын эки мэрияга берүүгө милдеттендирүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0