Ысык-Көлдө Борбор Азия жана араб өлкөлөрүнүн инвестициялык форуму өтөт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЫсык-Көл. Архивдик сүрөт
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашкан.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Быйыл Ысык-Көлдө Борбор Азия жана Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн инвестициялык форуму өтө турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомство министр Жээнбек Кулубаев 14-апрелде Ташкентте Кувейттин, Оман султанатынын ТИМ башчылары менен жолугушуп, анын жүрүшүндө аталган форумга чакырганын кабарлады.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда кызматашуунун келечегин талкуулашканы белгилүү болду.
Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россиянын ТИМ башчыларынын VII жолугушуусуна катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2024
КМШнын ТИМ башчыларынын жолугушуусундагы Кыргызстандын сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0