Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов. Архив
Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун бөгөт чарасы тандалды.
Ага ылайык, вице-мэр бир айга, тагыраагы, 11-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске сласак, Максатбек Сазыкулов кечээ күнү УКМК тарабынан кармалган. Ал мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга айыпталууда.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Ташиев УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0