Ош, Баткен, Жалал-Абадда санариптештирүү боюнча жаштар форуму өтөт

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРIT коворкинг борборунда кишилер. Архив
IT коворкинг борборунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өлкөнүн түштүк аймактарында санариптештирүү боюнча республикалык жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара бүгүн, 15-апрелде, башталып, 19-апрелге чейин уланат.
"Форум идеяларды алмашуу жана өлкөнүн санариптик трансформациясынын актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасына айланат. Иш-чаранын алкагында кызыктуу талкуулар, мастер-класстар болот", — деп жазылат маалыматта.
Форум 15-апрелде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өтсө, 17-апрелде Ош шаарында, андан кийин Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик университетте уюштурулары кошумчаланды.
Республиканский молодежный форум Кыялымдагы Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Садыр Жапаров жаштардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0