Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Казиева: 12 жылдык системада жогорку класстарга кесиптик билим берүү каралат

© Sputnik / Асылбек БактыбековИшеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева 12 жылдык билим берүү системасына мугалимдер даярдала турганын айтты.
Жаңы окуу системасына өтүүдө жогорку класстарга кесиптик билим берүү каралат. Бул тууралуу Гүлзат Казиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Казиева: 12 жылдык системада жогорку класстарга кесиптик билим берүү каралат
Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү эл аралык системага шайкеш келгендиктен балдар түрдүү мелдештерге барганда кыйынчылыктар жаралбайт.
"Учурда балдар нөлүнчү класстын алкагында 480 сааттык "Наристе" программасын окушат. Анда алар бирден 20га чейин алып, кошуп, санаганды үйрөнүшөт. Бирок азыр заман талабына жараша бөбөктөрүбүз 4-5 жашында эле 100, 200дүн айланасында санак жүргүзүп калышат. "Наристе" программасын окутуу милдеттүү түрдө болбогону үчүн көбүнесе шаар жерлеринде ата-энеси бул даярдоо курсунан балдарын өткөрүшпөйт. Жыйынтыгында 1-класска келгенде биз балдардын билимин теңдөө максатында жети жаштагы балдарды 20нын алкагында санак жүргүзүүгө окутуп, кармап отурабыз. Ал эми даярдоо программасынан өткөн балдар жөн эле кайталап окууга мажбур болуп калып жатышат. Андыктан 12 жылдык окуу системасы биринчи кезекте мына ушул башаламандыктан арылтат. Экинчиден, жаңы кирип жаткан система боюнча, биз 9-класстан баштап окуучуларга кесиптик багыт бере баштайбыз. Албетте, ар аймактын өзүнүн өзгөчөлүгүнө, мектептердин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кесиптик класстар ишке кирет. Учурда биздин окуу жай министрлик менен биргеликте жол картасын түзүп, мугалимдерди даярдыктан өткөрүү боюнча иштеп жатат", — деди Казиева.
Ал башталгыч класстардагы педагогдордун жетишсиздиги көбүнесе борбор шаарда катталарын жана муну жоюуга аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылынан тарта 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө камынып жатат. Буга байланыштуу министрлер кабинети "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" токтомду ушул жылдын 15-мартында карап, жактырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0