Раззак Бейшекеев Азия биринчилигинен күмүш медаль утту

© Photo / United World Wrestling / Kostadin AndonovБалбан Раззак Бейшекеев. Архивдик сүрөт
Балбан Раззак Бейшекеев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Балбан финалга чейин Монголия, Казакстан, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген балбандарды уткан.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медалды багындырды.
Финалдык бетеште ал ирандык балбан Саед Мурад Исмаилиге 3:1 эсеби менен жеңилип калды.
Спортчу жүрүшүн 67 килограмм салмак категориясында турнирдин 1/8 стадиясынан баштап, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген балбандарды жеңген.
Буга чейин аталган турнирде кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков — алтын, Акжол Махмудов — күмүш, Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло медалдарга ээ болушту.
Үч ирет Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду
Жаңылыктар түрмөгү
0