КРСУнун Россиянын ЖОЖдору менен түзгөн макулдашуусу эмне берет? Видео

Жазылуу
КРСУ менен Санкт-Петербург политехникалык университети, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту кызматташуу боюнча макулдашууга Бишкекте кол койду.
Россия президентинин Аймактар аралык жана чет элдик мамлекеттер менен маданий байланыш түзүү башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов кеп КРСУнун ЖОЖдор ортосундагы кызматташуусу, анын жаңы дем менен өнүгүүсүнө түрткү берүү үчүн жасалган аракеттери жаатында жүрүп жатканын белгиледи.
"Кыргызстандык балдарга россиялык жана дүйнөлүк стандарттарга төп келген сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып беришибиз керек. Кеп жаштардын тандоосуна шарт түзүп, аны менен келечегин аныкташы туурасында болуп жатат", — деген Маслов.
Ал Санкт-Петербург политехникалык университетинин жетекчилигине жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоо боюнча өтүнүчкө оң жооп бергенине ыраазылык билдирди. Өкүл экономика, анын ичинде энергетика, тоо-кен тармагында кызматташуу боюнча эки тараптуу олуттуу программалар бардыгын эске салды.
"Биз мыкты тажрыйбаларыбызды, колубузда болгон, иштелип чыккан ыкмаларыбызды союздаштар менен бөлүшүүбүз керек", — деген Маслов.
Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу "дүйнөлүк масштабдагы" ЖОЖдор менен макулдашууга кол коюлганын айтты.
"Биздин окутуучулар менен студенттер тажрыйба жана сапаттуу билим алат деп ишенем. КРСУга билим берүүнүн бардык системасын модернизациялоо боюнча чоң милдет тагылды", — деди Абазбек уулу.
Санкт-Петербург политехникалык университетинин ректору Андрей Рудской коюлган пландар жөнүндө айтып берди.
"Боордош Кыргызстанга инженерия боюнча кадрларды даярдоо деңгээлин жакшыртуу үчүн келдик. Биздин окуу жай 125 жылдан бери инженерия боюнча билим берип келгендиктен жогорку деңгээлдеги адистерди даярдайбыз. Иш башталды, коддору менен онлайн-программалардын тизмесин бердик, жол картасына кол койдук. Эртеңки күндөн тарта "алга" деп ишти баштай беребиз", — деди Рудской.
Жаңылыктар түрмөгү
0