Согуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет. Өлчөмү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСогуш ардагерлери. Архив
Согуш ардагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Жалпысынан 637 адам бир жолку төлөм алат.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары менен ардагерлери 9-майга карата кандай төлөмдөрдү ала турганын түшүндүрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, бюджеттен 9 миллион 934,5 миң сом каралган. Каражат төмөнкү категорияга киргендерге берилет:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына (5 адам) — ар бирине 20,6 миң сомдон;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына (23 адам) — ар бирине 20,4 миң сомдон;
концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына (8 адам) — ар бирине 20,4 миң сомдон;
Ленинградды коргогондугу үчүн медалы жана Курчоодогу Ленинграддын тургуну төш белгиси менен сыйланган адамдарга (11 адам) — 20,4 миң сомдон;
Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана никеге турбаган жесирлерине (1 адам) — 15,2 миң сом;
Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында тылдагы жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга (589 адам) — 15,1 миң сомдон.
Жалпысынан 637 адам бир жолку жөлөк пул алат.
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. Календарь
Жаңылыктар түрмөгү
0