Маслов: биз, Россия, тажрыйбабызды союздаштар менен бөлүшүүбүз керек

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРоссия президентинин Аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов. Архив
Россия президентинин Аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Жазылуу
Санкт-Петербург политехникалык университет менен кол койгон бүгүнкү макулдашуу КРСУнун инженерия боюнча кадр даярдашына олуттуу салымын кошору айтылды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Биз мыкты тажрыйбабызды союздаштар менен бөлүшүүбүз керек. Бул туурасында РФ президентинин Аймактар аралык жана чет элдик мамлекеттер менен маданий байланыш түзүү башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов айтты.
Ал КРСУ менен Санкт-Петербург политехникалык университетинин, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун кызматташуусу боюнча макулдашууга кол коюлган аземге катышып, пикири менен бөлүшкөн.
Маслов Санкт-Петербург политехникалык университетинин жетекчилигине жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоо боюнча өтүнүчкө оң жооп бергенине ыраазылык билдирди. Өкүл экономика, анын ичинде энергетика, тоо-кен тармагында кызматташуу боюнча эки тараптуу олуттуу программалар бардыгын эске салды.

"Биз мыкты тажрыйбаларыбызды, колубузда болгон, иштелип чыккан ыкмаларыбызды союздаштар менен бөлүшүүбүз керек", — деген Маслов.

Ал Санкт-Петербург политехникалык университети КРСУнун инженерлерди даярдоосуна салмактуу салымын кошорун белгиледи.
МГИМОнун Одинцоводогу филиалынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
КРСУ менен Россиянын борбордук эки ири жогорку окуу жайы кызматташмакчы
Жаңылыктар түрмөгү
0