Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду. Ведомствонун маалыматына ылайык, токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Ал үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат. Долбоордо 2024-жылдын 1-июлуна чейин 12 жылдык билим берүүнүн концепциясы иштелип чыгышы керек; 1-сентябрга — мамлекеттик билим берүү стандарты; 1-октябрга — базистик окуу планы; 2026-жылдын 1-апрелине карата – мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды электрондук каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү; 2026-жылдын 1-августуна чейин окуу китептерин жаңылоо керектиги айтылат. Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке алып, анализ жүргүзүүнү пландоодо. Мугалимдер да жумушка алынмакчы.
Чек арадан адамдарды жашыруун өткөрүп, дары-дармекти мыйзамсыз ташыган деген шек менен кыргызстандык жаран кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү "Достук" өткөрмө пунктуна жакын жердеги чек арадан мыйзамсыз өткөн 40 жаштагы Х.Б. аттуу өзбек жараны кармалган. Материалдын негизинде чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө өзбек жарандарын жашыруун өткөрүп жүргөндөр бар экендиги маалым болгону айтылды. Ошондой эле мыйзамсыз миграция каналдарын уюштуруу боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону белгиленген. "Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштердин натыйжасында 12-апрелдин түнүндө Ноокен районунун 39 жаштагы К.Х. аттуу тургуну акча алып, өзбек жарандарын чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жаткан жеринен кармалып, камакка алынды. Шектүүнүн жанынан атайын белги коюлган акча каржаттары, түн ичинде көрүүчү дүрбү далил буюм катары алынды", — деп айтылат маалыматта.
БАЭде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Шарджа жана Дубайга каттаган рейстер токтотулганын "Манас" эл аралык аэропорту билдирди. Мындан тышкары, Абу-Дабиге учуучу учак 18:50гө чейин кармалып калган. Эске салсак, Дубай аэропорту селден улам ишин токтоткон. Шаарда нөшөрлөп жааган жамгыр эртеңкиге чейин уланышы мүмкүн. Дубайдын жолдору менен метролорун да суу каптады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги өлкөнүн бардык жашоочуларын 20-апрелде масштабдуу экологиялык акцияга катышууга чакырат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, бул күнү республика боюнча ишембилик өткөрүлүп, бардык облус, район, шаарлар, андагы көчөлөр тазаланат. "Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндөгү" жарлык ишке ашырылууда. Иш-чаранын башкы максаты – таштандыны бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка жайылтуу, экологиялык маданиятты арттыруу", — дешти министрликтен.
Жаңылыктар түрмөгү
0