Башкы прокурор Зулушев Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча оюн айтты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРБашкы прокурор Курманкул Зулушев. Архивдик сүрөт
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Курманкул Зулушев эки жылда 41 социалдык объект тиешелүү жер тилкелери менен мамлекетке кайтарылганын маалымдады.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ататүрк паркындагы курулуш боюнча мыйзам жол берсе келтирилген чыгымдар өндүрүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жерди кайтаруу боюнча токтомго кол койгон. Кийин калаа башчысы парктагы мыйзамсыз курулган үйлөр буздурулушу дагы мүмкүн экенин айткан.
Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында бир катар депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевден Ататүрк сейил багы боюнча сурашты. Ырысбек Атажанов ошол жерлерди мыйзамсыз берген мэрлердин эсебинен парктагы жерлердин ээсине кенемте берүү маселесин чечүү керектигин сунуштаган.
"Мэр өзүнүн оюн айтты. Бирок мунун баары мыйзам чегинде чечилет. Андан бери 30 жылдай убакыт өтүп кетти. Мыйзамда мөөнөт деген бар. Эгер мөөнөтү өтпөсө, убагы болсо жоопко тартабыз. Чыгымдарды да өндүрөбүз, бирок мыйзам жол берсе гана. Мыйзам деген мыйзам", — деди Зулушев.
Ошондой эле ал соңку жылдарда жерлерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга жакшы сабак болгонун билдирип, эки жылдан бери 41 социалдык объект тиешелүү жер тилкелери менен мамлекетке кайтарылганын кошумчалады.
196 млн. сомдук тарыхый-маданий объект мамлекетке кайтарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
УКМК: 196 млн. сомдук тарыхый-маданий объект мамлекетке кайтарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0