Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жаалы күч "Форпост-РУ" жана анын чабыты. Инфографика

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиянын чалгындап-сокку уруучу пилотсуз учкан "Форпост-Р". Архив
Россиянын чалгындап-сокку уруучу пилотсуз учкан Форпост-Р. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Россиянын чалгындап-сокку уруучу пилотсуз учкан "Форпост-РУ" аппараты кайрадан каршылашка ууга чыкты. Бул сапар техниканы Харьков облусунан байкашкан. Эки күндүн ичинде Россиянын армиясы Украина Куралдуу күчтөрүнүн техникасына жана позицияларына бир топ майнаптуу сокку урган.
© Sputnik_InfographicsРоссиянын чалгындап-сокку уруучу пилотсуз учкан "Форпост-РУ" аппараты
Россиянын чалгындап-сокку уруучу пилотсуз учкан Форпост-РУ аппараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
"Форпост-РУ" атайын операцияга башталгандан тарта катышып келет. Ал жерди чалгындоо жана байкоо салуу, сүрөт, картография, көктөн сүрөткө тартуу милдеттерин аткарат. Дрон душмандын радиоэлектрондук коргоо түйүндөрүн таап, радиотоскоолдуктарды жаратып, радиосигналдарды да кармай алат. 2022-жылдын март айында РФтин Коргоо министрлиги Киевден 60 чакырым аралыкта украиналык С-300 зениттик-ракеталык комплексти жок кылгандыгын билдирген.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, "Форпост" аталган мамлекеттин күчтөрүндө натыйжалуулугун көрсөткөн. Террорчулар жайгашкан жерлерге жашыруун байкоо салуу жана көзөмөлгө алууга пайдаланылып, аппараттын аскердик тушоосу Сирияда кесилген.
Дрон Кара деңиз жээгинде да кайгуулга адистешкен, оптикалык, радиотехникалык, радиолокациялык каражаттарды пайдалануу менен күнү-түнү чалгындап, согуштук кемелерге, жээктеги ракеталык комплекстерге буталарын белгилеп бере алат. Пилотсуз аппаратты жасоо Уралдагы жарандык авиация заводунда израилдик IAI Searcher Mk II пилотсуз техникасынын лицензияланган көчүрмөсүнүн негизинде жасалат. "Форпост-РУда" анын сырткы көрүнүшү гана сакталып калган. 2010-жылдардын соңунда дрон толугу менен импортту алмаштырган.
"Форпост-РУнун" жаңыдан пайда болушун Украинанын абадан кол салуусунун начарлаган абалы менен байланыштырып жатышат. Украиналык агитация Россия армиясынын ондогон учактарын "атып түшүрдү" деген маалыматты таратып жүргөндө, бул дрондор украиналык системаларды Харьков, Чернигов жана Сумы облустарында талкалап жатты.
Соңку эки жыл ичинде Россиянын Куралдуу күчтөрү каршылаш тараптын П-18 радиолокациялык 8 системасы менен бир нече зениттик артиллериялык комплекстерин "тынчыткан". Алардын ичинде немецтик IRIS-T SLM ракеталары бар. Бул видеого түшүп калган гана учурлар. Харьков багытындагы орто бийиктиктеги чабуулчу дрондорду колдонуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кадамын бир топ жайлатууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0